Элчи Эдил Байсалов жаңы түзүлүп жаткан министрлер кабинетине мүчө болот

Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов жаңы түзүлүп жаткан министрлер кабинетине мүчө болот. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ал вице-премьер-министр же тышкы иштер министри кызматына баруусу мүмкүн.

Эскерте кетсек, Эдил Байсалов 2019-жылы элчи болуп шайланган.