
Социалдык фонддун төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Арстанбек Абдуллаев дайындалды. Ведомствонун маалыматы боюнча, Жаныбек Орозалиев фонддун башчысы кызматынан бошотулган.
Эске салсак, Абдуллаев Соцфонддун төрагасынын орун басары болуп 2021-жылы 17-майда дайындалган.