Медербек Сыдыков Кыргыз футбол союзунун президенти болуп шайланды

Бүгүн Бишкекте Кыргыз футбол союзунун кезексиз курултайында уюмдун жаңы президенти шайланды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, КФСтин президенттигине эки адам арыз берген. Алар Медербек Сыдыков ( КФСтин башкы катчысы) жана Семетей Султанов (ал 2012-2017 -жылдары ФФКРди жетектеген).

Жыйынтыгында Сыдыковдун талапкерлигине 24 делегат, Султановго 3 делегат добуш берди. Жалпысынан 27 делегат катышты.

Эске сала кетсек, Кыргыз футбол союзун 2019-жылдын февраль айынан бери Канат Маматов жетектеп келген.