ИИМ: Талас мейманканаларынын биринде ызы-чуу чыгарган адам милицияда иштебейт

Талас шаарынын мейманканаларынын биринде ызы-чуу кылган адам кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлайт.

Белгилей кетсек, 11-октябрь күнү таңкы саат 4тө Таластагы “Kerben Palace” мейманканасына белгисиз мас киши кирип келип, бөлмөлөрдүн эшиктерин каккылап, сындырып, уктап жаткандарды коркутуп-үркүткөн. Мейманкананын алдындагы автоунааларды да талкалоого үлгүргөн.

ИИМдин маалыматына ылайык, 04:30да ыкчам чара көрүүчү топ ызы-чуу болгон жерге барып, элдин тынчын алган кишини кармады. Ал 1983-жылы туулган Талас шаарынын тургуну О.С. экендиги аныкталды.

Бул окуя ИИБге бейбаштык беренеси боюнча катталып, шектүү тиешелүү бөлүмгө жеткирилген соң, сурак жүрүп жаткандыгы айтылды.

Ал адамдын укук коргоо органдарына тиешеси бар экендиги ИИМ тарабынан четке кагылды. “Кармалган жаран укук коргоо органдарына, милиция кызматына эч кандай тиешеси жок, ал эч жерде иштебейт”, – деп министрликтен билдиришти.