Бүгүн, 11-октябрда ИИМдин Борбордук аппаратында министрдин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаковду узатуу иш-чарасы болуп өттү.
Мындай иш-чарага президенттин администрациясынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси Адилет Жанузаков, Ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары жана башкармалыктардын жетекчилери катышты.
Президенттин администрациясынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси Адилет Жанузаков министрлер кабинетинин эки токтомун жаңыртты. Биринчиси, берилген рапортко ылайык, Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүнбек Өмүрзаковду кызматынан бошотуу, экинчиси, бул кызматка мурун ИИМдин башкы кадрлар башкармалыгын жетектеп турган, милициянын полковниги Адыл Бийбосуновду бекитүү чечими.
Адилет Жанузаков менен Улан Ниязбеков узатуу саамалыгында Сүйүнбек Өмүрзаковду өз ишинин чыныгы адиси деп атап, ички иштер органдарында 30 жылдан ашык жемиштуу ишти аткаруу менен татыктуу кызмат өтөгөнүн белгилешти.
Өз сөзүндө ИИМнин экс-орун басары убактылуу рапорт жазып кызматтан четтеп, шайлоого катышууга укугу бар болгонун айтты. Бирок, жеке кызыкчылыгын мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койбой, шайлоого башка талапкерлер катары эле татыктуу катышууну туура көргөнүн кошумчалады.
“Менин милдетим кыргыз мамлекетине кызмат кылуу. Сиздердин ар бириңиздерди баалайм жана сыйлайм. Өз элимдин бакубаттуулугу жана мамлекеттин келечеги үчүн жоопкерчиликти сезип турам. Мен үчүн өлкөнүн, элдин тагдыры чоң мааниге ээ. Сиздер менен бирге адилеттүүлүк жана жаратмандык идеясын ишке ашырып, саясий ишмердүүлүктү мыйзамдын чегинде улантып, Мекендин келечеги үчүн кызмат кылууга даярмын”,-деп Сүйүн Өмүрзаков айтты.
КР ИИМ Пресс-кызматы