Үч эмдин ысымдары Айсулуу, Айпери жана Ай-Мээрим деп коюлду

Үч эмдин ысымын спортчу айымдардын аттарына ылайык коюшканын наристелердин чон апасы жар салды. Ал бул тууралуу Kaktus.media.басылмасына билдирген.

Эске салсак, Ослодо Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова атаандаштарын артка таштап, женишке жетишкен. Ал эми Мээрим деген ат кичине алмаштырылып, ага Ай-Мээрим деп коюларын айтты ымыркайлардын чон энеси.

“Айсулуу, Мээрим жана Айпери Кыргызстандын желегин алыска таанытып, желбиретти. Буюрса, келечекте биздин кыздар да ушундай жетишкендиктерге жетишет деген ниетибиз бар”, – деп кошумчалады ал.

Белгилесек, 4-төрөт үйүнө 5-октября кесарева жолу менен 3 эм жарыкка келген. Ымыркайлардын салмагы – 1 870, 2 160 жана 2 170 грамм. Апасынын саламаттыгы канаттандырарлык.