Белгилүү күрөш калысы Мейрамбек Ахметов карьерасын жыйынтыктады

Спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык Мейрамбек Ахметов калыстык кызматын көрүүчүлөрдүн кол чабууларынын алдында жыйынтыктады. Бул тууралуу КРнын күрөш федерациясы маалымдайт.

Ахметов – UWW (Бириккен күрөш дүйнөсү) алдындагы экстра-класстагы калыс, Олимпиада оюндарынын күмүш медалдарынын ээлери Канат Бегалиев менен Акжол Махмудовдун жана Азия, дүйнө чемпионаттарынын бир нече байгелүү орундарын уткан башка атактуу спортчулардын машыктыруучусу.

“Сиз менен бүткүл Кыргызстан сыймыктанат! Спорттук арена жана биз сизге муктажбыз! Сиздин тажрыйба, билим жана чеберчилигиңиз калыстарга, спортчуларга жана машыктыруучуларга өнүгүү үчүн жол ачат. Көптөгөн медалдарды утуп, биздин Кыргызстанды даңазалаганга жардам берет! Терең таазим этебиз!”, – деп күрөш федерациясы ыраазычылыгын билдирди. Мейрамбек Ахметов спорттук күрөш боюнча эң күчтүү делинген дүйнөлүк 50 калыстын арасына кирет. Бул жылы ал Токио олимпиадасында жана Ослодо өткөн дүйнө биринчилигинде кызматын өтөдү.