Садыр Жапаров: Мээрим – биздин сыймыгыбыз!

Президент Садыр Жапаров күрөш боюнча дүйнө чемпионатында ийгилик жараткан кыргыз спортчуларын куттуктады.

“Мээрим биздин сыймыгыбыз! Дүйнө чемпионатындагы финалдык беттеште эң жогорку чеберчиликти көрсөттүң!

Мээрим Жуманазарованын алтын, Айпери Медет кызынын коло медаль алышы буга чейинки балбандарыбыздын жеңишине жетине албай турган кыргыз элинин кубанычын, сүйүнүчүн дагы арттырды.

Улуттук кураманын жетишкендиктери жалпы кыргыз элин, өлкөбүздү дүйнө жүзүнө даңазалап, силер кыргыз спортунун тарыхын жаратып жатасыздар! Спортчуларыбызды мыкты даярдыкта килемге алып чыккан машыктыруучу курамга дагы өзгөчө ыраазычылык!”, – деп президент өз Facebook баракчасына жазды.

Эскерте кетсек, Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча кыз-келиндер арасындагы Дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынып, чемпион аталды. Ал эми, Айпери Медет кызы коло медалга ээ болсо, Айсулуу Тыныбекова экинчи жолу дүйнөнү багындырды.

Ошондой эле, Эрназар Акматалиев күмүш медалына жетсе, Алибек Осмонов коло медалга ээ болду.