Кыргызстанда COVID-19 боюнча акыркы суткадагы статистика: 84 адам жугузуп, 2 адам көз жумду

2021-жылдын 8-октябрына карата республикада акыркы суткада COVID-19 илдетин жугузгандардын саны 84кө жеткени Республикалык штабдан кабарланды.

Алардын берген маалыматына ылайык, Бишкекте – 45, Ошто – 3, Чүй облусунда – 9, Жалал-Абадда – 1 жана Баткенде – 2 учур катталды.

Жалпы катталган учурлардын саны 179 миң 120га жеткени белгилүү.

Сутка ичинде коронавирустан 77 пациент айыгып чыкса, жалпы алганда 173 миң 873 пациент айыккан.

Ошондой эле, акыркы суткада 2 адамдын көз жумгандыгы (вакцинация албагандардан) айтылды. Жалпы алганда таажы вирусунан 2 миң 616 киши көз жумган.