Бүгүн Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпионатында күрөшөт

Грек-рим күрөшү боюнча чыгып келген кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпионатындагы кармашын бүгүн баштайт. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Шаршенбеков 60 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап күч санашат. Анын биринчи атаандашы беларустук Максим Кажарский болот. Былтыр Сербиянын Белград шаарында өткөн индивидуалдык Дүйнө кубогунун алгачкы беттешин да, дал ушул балбанга каршы өткөрүп, 8:0 эсебинде жеңишке жеткен.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Осло шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы (кыз-келиндер арасында) коло, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми Алибек Осмонов (эркин күрөш) коло медаль тагынды.

Кыргызстандын атынан Дүйнө чемпионатына жалпы 15 балбан аттанган.