Автобустар жүрбөй калышы мүмкүн, деген Бишкек мэрине сын төгүлдү

Сүрөт интернеттен алынды

Бишкек автотранспорт ишканасы “Газпром” компаниясына 18 млн сом карыз экенин шаардын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.

“Транспорт токтоп калса, жаңы мэр уурдаганга жетишип, автобустар жүрбөй калды деп айтышат. Бирок, мунун бардыгы күйүүчү майдын жоктугунан болуп жатат. 2017-жылдан бери 4 миң маршрутка иштеп келсе, азыр 1,5 миңи гана калды” ,– деп кошумчалады ал.

Бишкек мэринин мындай сөзүнөн кийин, анын дарегине дароо эле сындар айтыла баштады. Журналист Дайыр Орунбеков социалдык баракчаларынын биринде төмөнкүдөй пикирин жазды:

“Бул киши мэрби же жамандыктын кабарчысыбы? Келгенден бери жакшы ишин көрө элекпиз. Коомдук транспорт акысын кымбаттатты. Эми автобустар жүрбөй калат деп “сүйүнчүлөп” жатат. Мэриянын кароолчусундай болуп кабинетинде жашынып отурбай, көчүгүн көтөрүп иштебейби?!”.

«СапарТрансСервис» жүргүнчүлөрдү ташуу ассоциациясынын директору Алтынбек Доспаев Bulak.kg билдиргендей, “Шыдыр Жол KG”, “Эко Жүргүнчү Ташуу” жеке менчик компаниялары автобустар үчүн жол киренин 11 сомго көтөрүлүшүн аз деп эсептеп, иш таштоолорго барып келишкен. Автобустарды өздөрү ташып келген мындай компаниялар жол акы баасы маршруттук таксилерге коюлган тарифтей 15 сомго көтөрүлүшүн талап кылышкан.

Мындай көйгөйлөр күйүүчү майдын баасынын күн санап өсүп жаткандыгына байланыштуу деп эсептешет айрым серепчилер.  Андан сырткары, артта калган пандемиялык абалдын кесепетинен улам коомдук транспорт тармагы жабыр тартканы айтылып келет.