
Бүгүн, 5-ноябрда президент Садыр Жапаров Мисир Араб Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси менен тет-а-тет форматында жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тараптар өз ара кызыкчылык туудурган эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты. Алар бул сапар кыргыз-мисир мамилелерине жаңы дем берип, кызматташтыкты сапаттык жаңы деңгээлге чыгарарына ишеним билдиришти.
Соңунда тараптар белгиленген тармактарда биргелешкен долбоорлорду активдүү илгерилетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендиктерин билдиришти. Андан соң лидерлер кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөр залына өтүштү.
Кыргыз-мисир кызматташтыгынын негизги багыттары, анын ичинде саясий диалогду өнүктүрүү, экономикалык өз ара аракеттенүү, инвестициялар жана эки жактуу кызыкчылыкты туудурган башка маселелер талкууланды. Эки мамлекеттин башчылары эки тараптуу мамилелердин оң динамикасына ыраазычылык билдиришип, аларга жаңы импульс берүүгө даяр экендиктерин баса белгилешти
Египеттин президенти кыргыз лидеринин сапары эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктө маанилүү кадам болуп, биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн бекем негиз түзөрүнө ишеним билдирди.
Өз кезегинде президент Садыр Жапаров эгемендүүлүктү алгандан бери Кыргызстандын бир дагы мамлекет башчысы Африка континентине иш сапары менен келген эместигин белгиледи.
Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы достукту бекемдөө жана байланыштарды өнүктүрүү максатында Каир шаарында Кыргызстандын элчилигин ачуу чечими кабыл алынганын билдирди.
Кыргызстан менен Египеттин ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана илимий-техникалык тармактарда өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө багытталган макулдашууларга кол коюлат, ошондой эле өкмөттөр аралык комиссияны түзүү чечими кабыл алынды. Садыр Жапаров анын биринчи отурумун Бишкекте өткөрүүнү сунуштады.
Өз кезегинде Египеттин президенти бул демилгени колдоду.
Садыр Жапаров Абдель Фаттах Ас-Сисини Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө жана 2026-жылдын күзүндө Бишкекте өтө турган ШКУнун саммитине, ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чараларга катышууга чакырды.
Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Египеттин ортосунда өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн зор мүмкүнчүлүктөр бар экенин ырасташты.






