Бишкек — Торугарт жолундагы үйрөй учурган жол кырсыктын видеосу тарады

Социалдык тармактарда Бишкек — Торугарт жолунда катталган жол кырсыктын видеосу тарады. Маалыматтарга караганда, кырсык Кара-Чий айылынын тушунда болгон.

Видеодон унаанын экиге бөлүнүп калганын, бир адамдын жерде жатканын, экинчисинин отурганын көрүүгө болот.

Милиция кырсыктын чоо-жайы боюнча маалымат бере элек.