АКШ Кыргызстанга COVID-19-га каршы Pfizer вакцинасынын 49 140 дозасын тапшырды

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Кыргыз Республикасына COVID-19-га каршы Pfizer вакцинасынын 49 140 дозасын тапшырды. Вакцианалар дүйнөдө COVID-19 вакциналардын жетиштүүлүгүн камсыз кылуу боюнча COVAX демилгеси аркылуу жеткизилди. Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, АКШ бул вакциналарды Кыргыз Республикасында COVID-19 менен күрөшкө көмөк катары берип жатат.

«Коопсуз жана натыйжалуу вакциналардын элге жеткиликтүү болушу бул пандемияны жеңүү үчүн абдан маанилүү. Мен бул вакциналар кыргызстандыктардын өмүрүн коргоого жана коркунучтуу жаңы варианттардын жайылышын алдын алууга жардам берет деп ишенем”,- деди АКШнын Убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.

Бул АКШ тарабынан Кыргыз Республикасына берилген Pfizer вакциналарынын экинчи жолу жеткирилиши. Биринчи партия 2021-жылдын 27-октябрында келген.