Алты талапкер шайлоого катышуудан баш тартты

6 талапкер 28-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого бир мандаттуу округдардан катышуудан баш тартты.

Шайлоого катышуудан баш тарткан талапкерлер:

  • Чодуев Эркинбек Урайымович – №10 Куршаб шайлоо окургунан талапкер;
  • Нусубалиев Токтоналы Сатарович – №21 Талас шайлоо окургунан талапкер;
  • Малдыбаева Салиман Жанузаковна – №36 Ысык-Көл шайлоо окургунан талапкер;
  • Жумабекова Акылсайра Кадыралиевна – №35 Ак-Суу шайлоо окургунан талапкер;
  • Карагулов Улан Айтбекович – №31 Чүй-Кемин шайлоо окургунан талапкер;
  • Шакиров Асан Шакирович – №13 Сузак шайлоо окургунан талапкер.

2-ноябрга карата бир мандаттуу округдардан 306 талапкер шайлоого катышат.