Дипломатиялык паспорт деген эмне? ТИМдин түшүндүрмөсү

0
 Тышкы иштер министрлиги маалымат каражаттарындагы дипломатиялык жана жарандык паспорт тууралуу жарыяланган материалдарга түшүндүрмө берди.
Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Өкмөттүн токтому боюнча дипломатиялык жана кызматтык паспорттор мамлекеттик кызматкерлерге кызмат абалына карабастан жалгыз гана жумуш сапарларына колдонууга  берилет. Азыркы тапта 1184 дипломатиялык паспорт жана 710 кызматтык паспорт  колдонулуп жатат.

Кызматкер мамлекеттик кызматтан кетерде паспорттор кайтарылып алынып, жок кылынуу үчүн аталган министрликке берилет. Паспорт өз мөөнөтүндө тапшырылбаган учурда Чек ара кызматына маалымат берилип, жаран чек арадан өтүп жатканда кайтарылып алынат.

Баса белгилечү жагдай, дипломатиялык паспорт чет өлкөдө кол тийбестикке кепилдик болуп бере албайт. Бул тек гана кызматтык сапарда чек арадан өтүүнү жана виза иштерин жеңилдетет.

Учурда аталган паспорттор Венгрия, Индия, Индонезия, Иран, Италия, Катар, Кытай, Макао, Корея, Кувейт, Малайзия, Монголия, БАЭ, Пакистан, Польша, Румыния, Сербия, Сингапур, Словакия, Түркмөнстан, Филиппин, Франция, Швейцария, Эстония мамлекеттери үчүн жарактуу болуп саналат.

URL: https://archive.bulak.kg/show/7511