ВИДЕО: 12-13 жаштагы баланы жогорку ылдамдыкта келе жаткан унаа сүзүп кетти

“Манас” аэропортуна бараткан жолдо окуучуну унаа сүзүп кеткен. Бул тууралуу күбөлөр билдиришет.

Алардын айтуусу боюнча, окуя бир күн мурун Достук айылында болгон.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, 12-13 жаштагы баланы жогорку ылдамдыкта келе жаткан Хонда CRV үлгүсүндөгү унаа өлтүрө сүзүп кеткен.