Эки бала муздаткычка камалып каза болду: Тургундар окуя тууралуу айтып беришти

0

Түп районунун Михайловка айылында 6 жана 4 жаштагы ага-ини эски муздаткычка камалып каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдиришти.

Алардын айтымында, 28 жаштагы Р. жана 27 жаштагы Ю. — үлгүлүү жубайлар. Алардын улуу баласы — Денис (М.Д., аты өзгөртүлдү) 5 жашта, кичүүсү — Николай (М.Н., аты өзгөртүлдү) 4 жашта болчу.

«3-июнда ага-ини короодо ойноп жатышкан. Балдары тартиптүү болчу, көчөгө дагы чыгышчу эмес. Ошол учурда апасы үйүндө 6 айлык наристесин эмизип жаткан экен. Ал эми атасы чарба иштери менен алек болуп жүрүптүр. Саат 11:30 чамасында балдар короодо ойноп жатышкан, алардын жоголгонун саат 12:00 чамасында билишкен. Ата-энеси өз алдынча издеп баштап, бардык жерди карап чыгышкан. Андан кийин кошуналары, андан соң айылдын эли дагы кошулуп издешкен.

Кошунанын 2-класста окуган баласы дагы издеп жүргөндөрдүн арасында болгон. Ал эски муздаткычтын эшигин ачканда андан кучакташып отурган ага-инини көрүшкөн. Ичинде абанын жетишсиздигинен улам алар тердеп дагы кетишкен экен. Балдар жардамга чакырып, муздаткычтын эшигин тыткылашыптыр. Эшикти өз алдынча ача алышкан эмес. Анткени союз учурундагы муздаткычтын эшиги абдан оор болгон.

Алар табылгандан кийин чоң ата, чоң энесинин үйүнө алып кетишип, кечээ жерге беришти. Айылда баарыбыз шок болуп, үй-бүлөбүз менен кайгырып жатабыз. Үлгүлүү үй-бүлөнүн балдары эле», - дешти тургундар.

Ага-ини караңгы муздаткычка кол чырак менен кирип, ичин көрүүгө аракет кылышканда камалып калышкан.
Булак: turmush.kg

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/9553