Кылмыш иши козголгон Мурдагы Транспорт жана жол министрлигин орун басарынын жактоочусунун берген маеги

0

Мурдагы Транспорт жана жол министрлигинин орун басары Жусубалиев Азимкан УКМК тарабынан коррупцияга шектелип кармалганына арадан жарым жол өттү. Бул жаңырыктуу иш тууралуу көпчүлүк медиа-маалым булактары билдирүүлөрүн чыгарган. Азыркы учурда бизде Жусубалиев мырзанын жактоочусу менен маек түзүүгө мүмкүнчүлүк берилип, ошого байланыштуу биз Бабаев Жыргалбек мырза менен интервьюбузду сиздерге тартуулайт элек.

- Урматтуу, Жыргал-мырза! Азыркы учурда бул иштин деңгээли кайсы этапта болуп турат?

- Ооба, сиз айткандай Жусубалиев Азимкан коррупцияга шектелип кармалганына жарым жылдай убакыт өттү, тергөө иштери аяктап, азыркы учурда кылмыш иши биринчи инстанция райондук сотунда каралууда.

- Ушул козголгон кылмыш иш тууралуу кандай маалымат бере аласыз?

- Башынан тартып айтсак, тергөөнүн версиясы боюнча мен жактап жаткан Азимкан-мырзага италиялык «Тодини Конструциони Дженерали» компаниясына Тундук-Туштук 70 км аралык жол тилкесин реконструкциялоо тендерине утууга жардам берип, алардан пара алган деген шек коюлган. Ошол эле тергөө версиясы боюнча бул компаниянын контракт утуусуна Азимкан-мырза туздөн туз байланышы бар деп шектелүүдө. Бирок, эгерде биз фактыларга кайрылсак, аталган италиялык компания ошол тендерге катышып 17 компаниянын арасынан тендерге финансылык сунушу эң төмөндөрдүн бири болгонун билдире кетсем. Бул катталган тендер боюнча, берилген эң төмөн сунушуна таянып, биринчи орун азербайджандык «Азвирт» деген компаниясына ыйгарылган. Бирок, ал компания, бизге белгисиз себептери менен, алты ай мөөнотүндө уткан контрагына кол коюудан баш тартып, ал компания тарабынан бир нечен баш тартуу боюнча каттар Министрликке келген экен. Ошол каттар негизинде кийин, процедуралар ыкмасы боюнча, Министрлик контрактты экинчи орунда турган Тодини компаниясына берүү жөнүндө чечим чыгарат. Дагы бир белгилеп кете турган нерсе – бул тендердин долбоору жана инженердик баалоосу боюнча бюджети 88 млн доллар тегерегинде эсептелип, Тодини компаниясы бул тендерде аталган иштерди 40 эле млн долларга бүтүрүүго сунуш кылат. Дагы бир айта турган кызык нерсе – финансылык сунушунда Тодини компаниясы биринчи 46 млн долларды сунуштап, анын негизинде дагы 6 млн доллар жеңилдик берүү даярдыгын көрсөткөн экен. Бул эмнени билдирет – бул жерде италиялык компания ошондо биринчиден сунушу төмөн болсо дагы, кошумча дагы женилдик бергени анык. Экинчиден, мен ойлоймун – эгерде компания кандайдыр бир Жусубалиев-мырза менен байланышы болуп, арасында кандайдыр бир суйлөшүүлөр жүргөн болсо, компания менин оюм боюнча эч кандай женилдик бербестен эле, утуу маселеси ага анык болуп инженердик 88 млн доллар делген суммага жакын сунуш бермек эле деп ойлоймун. Логикасы ошондой болуш керек бул жерде. А бирок Тодини компаниядан кийинки кытайлык компания талапкердин сунушу 10 млн долларга жакын айырмасы бар, бул да анык.

- Жыргал-мырза! Кайсы компания эң төмөн сунушун берген ошондо бул тендер боюнча?

- Эң төмөн сунуш айтылган азербайджандык «Азвирт» деген компаниясынан түшкөн. Анын сунушу 39 млн доллардын тегеринде берилген.

- Айтынызчы, анда эмне себептери боюнча бул компанияга контракт берилбей калган?

- Расмий түрүндө бул компанияга контракт берилгени анык. Бирок, компания контрактка кол коюудан өзү баш тарткан экен. Транспорт жана жол министрлиги 6 айдын ичинде күтүшкөн экен, келгиле кол койгула – ишти баштагыла деп. А бирок ал компания кийин кат аркылуу маалымдап, контрактка кол койбогону тууралуу айтып кеткен экен.

- Бул компаниянын контракттан баш тартуу себептери эмнеде болгон? Мүмкүн, айтылгандай ошол эле тендердик комиссия (же мүмкүн Жусубалиев?) тарабынан кысымдар болгонбу? Түшүнүгүбүз боюнча эгерде компания тендерге катышса, албетте, ал тендерди утууга кызыкдар да?

- «Азвирттин» контракттан баш тарткан себептери бизге белгисиз. Мен билгеним боюнча эле ал компания бир нечен каттарды Министраликке жөнөткөн экен, ал каттарда ошол баш тартканы тууралуу маалымдаган экен. Бирок, бул суроолорго «Азвирттин» өкүлдөру гана так жооп бере алышат деймин. Эгерде, бул тендерде «Азвирт» тарабына чыныгы кандайдыр бир мыйзам бузуулар көрсөтүлгөн болсо, «Азвирт» компаниясы укук коргоо органдарына гана эмес,

Министрликке же болбосом ошол эле Азия өнүктүрүү Банкына (бул долбоордун алгачкы финансылык доноруна) кайрылмак болчу деп ойлоймун.

- Айтыңызчы, бул долбоордун тендер комиссиясынын курамына кимдер кирген?

- Мен билгендей, тендердик комиссиянын, ведомстволор аралык статусу болгонуна карата, курамы чон болгон. Курамына башка министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлери да кирген.

- Ошол тендер комиссиянын курамындагы мүчөлөр бул козголгон кылмыш иш тууралуу кандай маалымат берген?

- Ал бизге белгисиз. Бул иштин эң кызыгы, тергөө материалдарында тендердик мүчөлөр кубө катары каралган эмес экен жана алардан көрсөтмөлөр алынган эмес экен.

- Бул кылмыш ишине караштуу дагы кимдер шектелип жатышат?

- Бул кылмыш иш негизинде, УКМК камак жайында Токтобаев Б. жараны (аны тергөө бул иш алкагында ортомчу катары шектеп жатат) жана Гулрузов Б. жараны – бул италиялык компаниянын өкүлү катары кармалган.

- Биз билгендей, 20-чы жана 23-чу майда соттук процесстери жүргүзүлгөн экен. Ошол соттук иштер кандай майанасында өткөрүлдү, айта кетинизчи?

- Ооба, 20-майда биринчи соттук отурумунда Казахстан Республикасынын Жаппасов Талгат аттуу жараны кубө катары суралды. Бул кылмыш иши анын көрсөтмөлөрүнүн негизинде козголгону бизге анык болду. Бирок, бул жаран көрсөтмөлөрүндө көп жерлеринде толук маалымат бере албай, кээ бир жерлеринде жаңылып да кетип жатты. Бир айтуусу боюнча бул акча каражатты мен аркылуу Жакыпов Кайрат деген башка жаранга берип, тендер үчүн берилген болчу деп, кийинки айтымында бул акчаны биз тендерди уткандан кийин, контрактты сактап калайлы деп бергенбиз деп жатты. А бирок, кандай максат менен бул каражаттарды Жакыпов деген жана анын жанындагы Токтобаевге, тендер бутуп, контрактты италиялык компания уткандан кийин бердик деп жатасынар деген суроого так жооп кайтарган эмес. Дагы бир кызыгы, бул жаран италиялык компанияга эч кандай тиешеси жок болсо дагы, бирок ал компаниянын атынан өзүнүн версияларын айта баштады. Мисалы, бул айтат ошол айтылган акчалар компанияныкы эмес, бул акча ошол эле Гулрузовго таандык өзүнүн акчасы болчу деп айтып жатканы анык. Андан кийин ал Гулрузовдун атынан да сүйлөй баштап, бул Гулрузов жараны тендерге да, тендердик документацияга да эч кандай тиешеси жок деген кызык маалыматтарды берип калды. Менде, албетте жактоочу катары, бул кишинин көрсөтмөлөрү боюнча абдан көп суроолор жаралды – эмнеге бул адам, эгерде же Тодини компаниясына тиешеси жок болсо, бул компаниянын атынан көрсөтмөлөрдү берип жатат? Бул жерде дагы кайчылаш пикир болгон себеби – бул Жаппасов аттуу жаран Гулрузов өзүнүн акчасын мага берип, ал акчаны биз ошол эле Жакыпов менен Токтобаевге бергенбиз деп жатканы да анык. Булардын кызыкчылыгы эмнеде болгон? Кайсыл жерде жөнөкөй эле адамдар келип, өз акчасын чогултушуп таанып тааныбаган адамадарга эч кандай кызыкчылыгы жок эле берип, андан кийин бирөөсү шектелип, бирөөсу күбө катары болуп калат? Бул жерде эмнеге ошол эле италиялык компания, мунун баарын көрүп дагыдан бери үн катканы бизге белгисиз болуп турат. Ачыгы менен эле алардын атынан көрсөтмөлөр төгүлүп, алардын имидж жана авторитетине да жалган жалаа келитирилип жатат.

Кийинки сот отурумунда 23 майда негизги арыз жазуучу Жакыпов Кайрат деген жаран күбө катары суралды. Анын көрсөтмөлөру тууралуу бул жаран да Министрликке, же болбосом Тодини компаниясына эч кандай эле тиешеси жок болуп чыкты. Жусубалиев менен да эч кандай мамилеси жоктугун, ал киши тарабынан да эч кандай жабыркап, зыян келтирилбегенин билдирди. Айтымы бонча ал ошол эле Токтобаев деген жаран менен кээде квартира жалдап, чогу жашап жүрүшчү экен. Андан тышкары бул күбө өзүн мурдагы УКМКнын 9-Кызматынын кызматкери катары тааныштырды. Мурдагы кызматкер катары болсо, менде албетте суроо жаралды – азыркы учурда УКМКда статусу кандайлыгы тууралуу. УКМКнын штаттан тышкары кызматкери эместигин билдирип, а бирок кадрлар буйруу тизмесинде бардыгын же жоктугун айта албады. Так бул суроого жообун да бере албады. Негизи, Жакыпов Кайрат - Жусубалиев мага өзү түздөн түз тендер боюнча жана акча каражаттар боюнча, жана ал кишинин оозунан да андай сөздөрдү уккан эмесмин деп айтып чыкты.

Мунун баарынын кызыгы эми ошол эле күбөлөр, ар кандай версияларын айтып, бир жагынан эч кимге эч кандай тиешеси жок болсо дагы, бирөөсү италиялык компаниянын атынан сүйлөп, бирөөсү мурдагы УКМК кызматына байланыш болуп чыгып, ар кандай мыйзам бузууларды айтып жатышат, а бирок компания өзү үн катып, жада калса контракт боюнча иштеп жатканы өтө кызык. Мүмкүн, азыркы күбөлөр өзүнүн максатын көздөп жатышат, ким билет, мүмкүн менин оюм боюнча булардын максаты Министрликти дискредитация кылуу же болбосом кээ бир адамдарын отургузганына да кызыкдар.

Азыр эми соттук иштери жүрүп жатат, бул жарандардын көрсөтмөлөрүнө сот уюмдары мыйзам чегинде баа берерине ишенем.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/9508