Кыргызстанда кайсы адистер эң көп талап кылынат?

0

Билим берүү жана илим министрлиги менен Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги эмгек ресурстарындагы муктаждыктарды болжолдоо методикасынын негизинде 2018-2022-жылдарга талап кылынган адистиктердин картасын жаңыртышты.

Анализдин жыйынтыгы менен бул убакта эмгек рыногунда өнөр жай, билим берүү, курулуш, айыл чарба, медицина тармактарындагы адистиктер приоритеттүү жана аларга муктаждык болот.

Бүгүнкү күндө эң көп талап кылынган 10 адистиктин тизмеси:

- Маалыматтык коопсуздук;
- маалыматтык-коммуникативдик технологиялар жана байланыш түйүндөрү;
- тоо-кен казуу;
- геологиялык чалгындоо технологиясы;
- технологиялык машиналар жана жабдуулар;
- медицина;
- менеджмент жана маркетинг;
- агроинжерения;
- курулуш;
- билим берүү.

Ал эми дүйнөдө эң көп талап кылынган адистиктер:

- IТ-адиси;
- инженер-долбоорлоочу;
- педагог;
- юрист;
- медик;
- маркетолог;
- кызмат көрсөтүү тармагы;
- эколог. 
Толугураак http://bilim.akipress.org/kg/news:368141//?f=cp

Булак: bilim.akipress.org

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/9507