Эл аралык издөөдө жүргөн Тажикстандын жараны Кыргызстандан колго түштү

0

Бишкек ШИИББнын кызматкерлери эл аралык издөөдө жүргөн адамды кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга шектелип, 45 жаштагы А.М. аттуу Тажикстандын жараны кармалды.

Белгилей кетсек, кармалган адам эл аралык террордук уюмдун мүчөсү болгон.

Кылмышка шектүү учурда Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8456