Жаңы Зеландияда 15-мартта кылмышкерлер тарабынан мечитте ок атышуу болду. Бул туралуу New Zealand Herald маалымат булагы жазды.
Маалыматка ылайык, ок атышуу Крайстчерч шаарындагы “Аль-Нур” мечитинде жүз берди. Октон 7 киши каза тапты. Шаардагы баардык мектептер жабылды.
Кылмышка шектүү катары бир киши кармалды.
Ошондой эле райондук ооруканда да ок атышуу болгону маалымдалды.