Тажикстан чек арадагы абалга Кыргызстанды айыптады

0

Кыргызстандын аскерлери жана жарандары мамлекеттик чек арада тартипти бузушту. Бул тууралуу REGNUM агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргыз тарап компетенттүү органдарга баш ийбей, кесепети мамлекеттик чек арадагы башаламандыкка алып келди.

УКМКдан билдиришкендей, жаңжалды басууга көрүлгөн чарага карабай эки өлкөнүн чек арасында кырдаал курч бойдон калууда.

Буга чейин эки өлкөнүн башчылары жана өкмөт башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, абалды талкуулашкан.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8453