Уюшкан кылмыштуу топтун белгилүү мүчөсү Казакстандан кармалды (видео)

0

Эл аралык издөөдө жүргөн бир нече жолу соттолгон Чүй облусунун тургуну Казакстандан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эл аралык издөөдө жүргөн бир нече жолу соттолгон 48 жаштагы А.Б. аттуу адам Алматы шаарынан колго түштү.

Кармалган адам уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. Ал тоноо, карактоо, өзгөчө ири өлчөмдө уурдоо, ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо, алып жүрүү, адамды уурдоо, опузалап талап кылуу беренелери боюнча бир нече жолу соттолгон. Ошондой эле, ал криминалдык дүйнөдө “Смотрящий” макамы менен таанымал.

Жаза мөөнөтүн Камчы Көлбаев менен бир камерада өтөгөн. 2011-жылдан бери издөөдө жүргөн.

Казакстандан мыйзамсыз берилген паспортун колдонуу менен Алматы шаарында жашырынып жүрөт деген такталган маалымат алынган. Ошонун негизинде милиция кызматкерлери 8-март күнү кылмышка шектүүнү кылтакка түшүрүшкөн.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8452