Кыргыз-тажик чек арасында Тажикстан тараптан ок атылып, милиция кызматкери жарадар болду

0

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок жаңылды. Бул тууралуу Азаттык радиосу жазды.

Маалыматка ылайык, октор Тажикстандын Ворух анклавы тараптан атылууда. Атылган октон бир милиция кызматкери жараат алып, ооруканага жеткирилди.

Мамлекеттик чек ара кызматы болсо октор эскертүү катары атылганын, абал курчуп кеткенин ырастады.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8451