Дарыгерлер эки күн тынымсыз операция жасашып, бейтаптын ашказанынан 40 даана ар түрдүү заттарды чыгарышты

0

Индияда психикалык жактан ооруган адамдын ашказанынан 40 даана ар түрдүү заттар чыккан. Дарыгерлер операция кылганда, ондой ачкыч табылган. Анын операциясы эки күн сүргөн. Бул тууралуу Хаберлер маалымат булагы жазды.

Маалыматка караганда, Жайакумар аттуу адам ашказаны ооруп докторго кайрылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө анын ашказанынан ачкычтар, акча каражаты, карандаш учтагыч өңдүү 40 даана зат бар экендиги тастыктаалган.

Жайакумар бул заттарды мурда жуткан. Бейтапты дарылаган А.Венкатесваран аттуу доктор  оорулуу убагында келгендигин билдирген. Эгер бир аз кеч калганда ал бул дүйнө менен коштошмок.

Бейтаптын ата-энеси уулунун ар нерсени жей берчү көнүмүш-адаттарын билген эмес.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8450