Тазабек Икрамов эмоцияга алдырып гомосексуализм сөзүн ката айткандыгын билдирди

0

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов гомосексуализм сөзүн туура эмес айткандыгы боюнча түшүндүрмө берди.

Икрамов айрым журналисттер катаны колдонуп роликтерди таркатып жаткандыгын билдирди.

“Ооба, мен ката кылдым, эмоциямды жашыра албай туура эмес сүйлөп алдым. Чыныгы жигиттер мындай сөздөрдү сүйлөй албайт”, - деди Икрамов.

Эске салсак, 13-мартта депутаттар 8-мартта болгон феминисттердин жөө жүрүшүн талкууга алышкан. Анда депутат Тазабек Икрамов «гомосексуализм» сөзүн айта албай койгон.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8447