Сирияда согушка катышып жүргөн Кыргызстандын жараны кармалды

0

Террордук уюмга жалданып, Сириядагы согушка жигердүү катышып келген Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран Ош облусунун тургуну, буга чейин издөөдө жүргөн. Ал  КМШ өлкөлөрүнүн бирине иштөөгө кетип, андан соң Түркия аркылуу Сирияга кеткен.

Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8444