Нооруз майрамына карата ат оюндары өткөрүлөт

0

Бишкек шаарындагы Ак-Кула ат майданында Нооруз майрамына карата ат оюндары өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

15-марттан тарта көк бөрү, эр эңиш, ат чабыш, оюндары өткөрүлөт. Ошондой эле бул мелдеш Ош шаарында да өтөт.

Бишкектеги байге фонду 1 миллион 450 миң сом, Ошто болсо 400 миң сомду түзөт.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8443