Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан 1 киши набыт болду

0

13-мартта кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан Ак-Сай айылынын тургуну жараат алып, ооруканага жеткирилди. Тажик тарап 20 киши жараат алып, 1 адам каза болгонун билдиришүүдө. Бул тууралуу Азаттыктын тажик кызматы жазды.

Маалыматка караганда, мерт болгон адам Тажикстандын Исфара районунда мугалим болуп иштеген 43 жаштагы Хусейн Хакимов аттуу жаран. Анын кыргыз тараптан атылган октон каза болгону айтылууда. Ок анын төшүнө тийген. Ал көп кан жоготкондуктан каза болгон.

Маалыматка караганда, жаңжал Тажикстандын Тожикон айылынын жашоочулары чек араны демаркациялоо иштери аяктаганга чейин Ворух анклавын айланып өтчү Ак-Сай -Тамдык унаа жолунун курулушун токтотууну талап кылгандан кийин башталган.

 

     

 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8442