Бишкек шаарына жаңы автобустар 10-апрелге чейин келет. Бул тууралуу Жүргүнчүлөрдүн автотранспорт ишканасынын жетекчиси Нурлан Койчубаков 24 kg агенттигине билдирди.
Анын айтымында, учурда кызматкерлер автобустарды көрүү үчүн кетишкен.
Маалыматка карганда, 10-апрелге чейин бардык автобустар келет. Койчубаков буга чейинки маалымат жыйынында автобустар март айынын аягында келерин айткан.