Эки жүз отуз миң сом өлчөмүндө пара алган мугалим кармалды (видео)

0

Криминалдык милиция кызматына Чүй облусунун 33 жаштагы Ж.А. аттуу тургуну пара талап кылуу жана алдамчылык иш-аракеттери фактысы боюнча арыз менен кайрылып, экзамендик сессияны тапшыруу үчүн акча каражатын талап кылып жаткан шаардык окуу жайдын кызматкерине карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Аталган маалыматты текшерүүнүн жүрүшүндө жогорку окуу жайдын  кызматкери 2018-2019-жылдары үчүн сессияны тапшырууга 33000 сом акча каражатын талап кылгандыгы маалым болгон. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

2014-жылдын июль айында Ж.А. аттуу жаран жогорку окуу жайлардын биринин бөлүмүнө контрактык негизде тапшырууну чечкен. Документтерди тапшыруу учурунда ал ЖОЖдун кызматкерлеринин бири менен таанышып, ошол жерден унверситетке өтүүгө жардам көрсөтөөрүн айтып, өзүнүн кызматы үчүн ал 200 доллар сураган. Ошол эле жылдын күз мезгилинин сентябрь айында ЖОЖдун кызматкери окуу жайда бош орун жок болгондуктан аны башка университеттин ошол эле факультетине өткөргөндүгүн билдирген.

2014-жылдан 2018-жылга чейинки аралыкта ЖОЖдун кызматкери студенттен экзамендик сессияларды тапшыруу үчүн акча каражатын жана контрактык окуунун төлөмдөрүн дагы алып тургандыгы аныкталган. Ушул аралыкта ал жалпы суммасы 230 000 сом түзгөн акча каражатын алган. 2019-жылдын февраль айында студент 2014-жылы университеттин алдындагы колледждин биринчи курсуна өткөндүгүн, бирок ошол эле жылы окуудан чыгарылганын билген.

2019-жылдын март айында жабырлануучу кайрадан экзамендик сессияны тапшырууга акча каражатын талап кылган.

ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүлөрү тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда жумуш ордунда 33 000 сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8436