Карганбек Самаков абактан чыкты

0

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков абактан чыкты. Бул тууралуу ЖАМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка таянсак, Самаков жатак абагына чыкты, өлкөдөн тышкары чыга албайт. Жаңы кодекстерге ылайык, соттолгондордун баардыгынын иштери кайра каралып чыгууга жиберилген.

Самаковдун баласы Кубанычбек Самаков абактан чыгарылган жок.

Эске салсак, Самаков 10 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылган. Анын мүлкү конфискацияланып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги камакта өтөгөн. Бирок, жаза мөөнөтү эки мунапыс менен абак мөөнөтү үчтөн экиге кыскарган.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8435