Ахмат Кадыровдун жан сакчысынын сөөгү абактан табылды

0

Орусиянын Владимир облусундагы түрмөдөн Чеченстандын мурдагы прзиденти Ахмат Кадыровдун жан сакчысы Аюб Тунтуевдин сөөгү табылды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка ылайык, түрмөдөгүлөр Тунтуев өз жанын кыйгандыгын билдиришкен. Буга чейин Тунтуев абак кызматкерлери уруп-сабап келгенин айтып келген.

2008-жылы Аюб Тунтуев «Чеченстандын Знаменск айылындагы терактка катышы бар» деген айып менен 24 жылга кесилген. 2017-жылы Чеченстанда 19 жыл мурда болгон Псковдун №76 дивизиясына кол салуу боюнча да айып тагылып, дагы 11 ай жаза мөөнөтү кошулган. Тунтуев күнөөсүн моюнга алган эмес.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8431