Сариева министр болбойт

0

Өткөн жуманын соңунда Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков ээлеген кызматынан бошотулган.

Анын ордуна Эльвира Сариева анын маданият, маалымат жана туризм министри болот экен деген маалымат тараган. Бирок, Сариева бул кызматка барбай тургандыгын super.kg порталына билдирген. "Менин маданият министри боло турганым чын эмес", - деди ал.

Айрым маалыматта КТРКнын мурунку жетекчиси, журналист Султан Жумагулов министр боло тургандыгы айтылууда.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/843