UFCнин жеңил салмактагы экс-чемпиону Конор Макгрегор АКШда камакка алынды. Бул тууралуу Тасс агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, ирландиялык мушкер 11-мартта АКШнын Майами шаарында кармалган. Ал бейбаштык боюнча айыпталууда.
“Конор Макгрегор аны сүрөткө тартууга далалат кылган күйөрманынын уюлдук телефонун сындырып салган. Жабырлануучу сынган телефондун баасы миң доллар экендигин билдирген.