Зинедин Зидан кайрадан “Реал Мадрид” клубун машыктырат

0

Зинедин Зидан “Реал Мадрид” клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Жаңы келишимге ылайык, ал клубду 2022-жылга чейин машыктырат.

Буга чейин команданы аргентиналык Сантьяго Солари машыктырып келген. Ал командадан 2018-жылы 31-майда кеткен. Зинедин Зидан башкарган жылдары "Реал" Чемпиондор лигасын үч ирет катары менен уткан. Ошондой эле Испаниянын чемпиону болууга жетишкен.

Зидан 2017-жылы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) "Жылдын мыкты машыктыруучусу" сыйлыгына татыган. Ал футбол тарыхына эң мыкты оюнчу да, машыктыруучу да боло алган биринчи адам катары кирген.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8423