Табып Хашым Зайналиев журналистке кол көтөрдү (видео)

0

Табып Хашым Зайналиев “Апрель” телеканалынын кабарчыларына кол көтөрдү. Журналисттер анын клиникасынын ишмерлүүлүгүн текшерүү үчүн барган. Бул тууралуу “Апрель” сайты жазды.

«Биз анын клиникасына барганда сыртта үйүлгөн унааларды көрдүк. Элдер кирип-чыгып жатышыптыр. Алардын бирөөсүнөн сурасак, «бейтапмын», - деди. Демек, элди көрүүсүн дагы деле улантып жатыптыр. Ичине кирсек, ак халаттар илинип туруптур. Ошол кезде Хашым Зайналиев коридордун аркы башынан келе жаткан экен. Биз саламдашканда эле, ал бизге жулунуп, орой сөздөрдү айтып, имараттын ичинен күчкө салып түртүп чыгарды. Аз жерден тепкичтен кулап кеткени калдык. Операторубуздун камерасынын базасы жабыркады. Менин болсо, колум ооруксунуп калды», - деп билдирет кабарчы Юлия Кулешова. 

Мындан кийин кабарчылар милиция чакырышкан. «Биз арыз жазып бердик. Табыптын кылганын журналисттик ишмердүүлүккө тоскоолдук жаратуу, бейбаштык катары сыпаттаса болот. Эми териштирүү жүргүзүлөт», - дешет кабарчылар. 

 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8421