Футбол боюнча улуттук курама команданын оюнчусу Мирлан Мурзаев “Дордой” клубуна өттү. Бул тууралуу аталган клубдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Мурзаев түркиялык “Сомаспор” клубунда ойноп келген. “Дордой” клубу менен 2019-жылдын аягына чейин келишим түздү.
Мирлан Мурзаев 2007-2010- жана 2012-2013-жылдары "Дордой" клубунун катарында ойногон. 2014-жылы Түркиянын "Денизлиспор" клубуна өтүп, кайра жыл аягында бишкектик клубга кайткан. 2015-жылдан баштап Түркиянын "Афёнспор", "Ушакспор", "Серик Беледиеспор" жана "Сомаспор" клубдарында ойноп келген.