Мас абалындагы айдоочунун өмүрү кыйылды

0

Ош шаарында жол кырсыгы катталып адам өмүрү кыйылды. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылын камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 9-мартта жол кырсыгы Р.Абдыкадыров жана Б.Осмонов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

“Жигули” унаасын башкарып бара жаткан 22 жаштагы адам мас абалында болгон. “Жигули”  унаасы токтоп турган “Степ Вагон” унаасын сүзүп, андан соң электр мамысын сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен “Жигули” унаасынын айдоочусу С.Б. аттуу адам мерт кеткен.

Бул фактынын негизинде тергөө амалдары жүрүүдө.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8417