Дастан Лепшаков дүйнө кубогун жеңип алды

0

Дастан Лепшаков бильярд боюнча дүйнө кубогун жеңип алды. Мелдеш 4-9-март аралыгында Москвада болду. Бул тууралуу бильярд федерациясынан билдиришти.

Лепшаков алгачы оюнунда азербайжандык Валех Бадаловду утуп алган. Андан кийинки оюндарында орусиялык спортчуну жана кыргызстандык Камолиддин Есиддиновту жеңген.

Жарым финалда орусиялык Лонид Швыряевди жеңсе, финалда Артем Баловду утуп, жеңүүчү аталды.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8415