“Кырк Чоро” бирикмеси Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун иштен кетүүсүн талап кылат

0

“Кырк Чоро” коомдук бирикмеси 13-мартта Бишкекте митинг уюштуруп, баш калаанын мэри Азиз Суракматовдун жана мэриядагы жооптуу кызматкерлердин отставкасын талап кылат. Алар мэрияны 8-марттагы жүрүшкө уруксат бергендигин айыпташууда. Бул тууралуу аталган уюмдун жетекчиси Замирбек Көчөрбаев “Фейсбуктагы” баркачасына жазды.

Бирикменин мүчөлүрү 8-марттагы жүрүштө ЛГБТ коомчулугунун жүрүшү болгондугун билдиришүүдө. Ал эми мэрия тарабынан жүрүштө эч кандай мыйзам бузулбаганын ырасташууда.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8414