Издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак, 5-мартта рейддин жүрүшүндө издөөдө жүргөн 47 жаштагы К.К. аттуу адам кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун катарында тургандыгы боюнча ИИМдин каттоосунда болгон.
Уячурда кармалган адамдын үстүнөн тергөө амалдары жүрүүдө.