Акаев: Сооронбай Жээнбеков президенттикке татыктуу талапкер болгон

0

Аскар Акаев орусиялык "Московский комсомолец" мааклымат булагына маек берди.

Ал Сооронбай Жээнбековдун жакшы иштеп жаткандыгын билидирди.

“Менимче Жээнбеков президенттикке татыктуу талапкер болгон. Ал коңшу өлкөлөр менен мамилени оңдоп, Атамбаев мураска калтырган ыңгайсыз кырдаалды жөнгө салды. Жээнбеков жемкорлук менен системалу күрөшүүдө”, - деди Акаев.

Акаев өзү берген маекте Алмазбек Атамбаев да ЖЭБдеги чыр боюнча соттоло турганын божомолдоп, аны кескин сынга алган.

Акаев Атамбаевдин учурунда Кыргызстанга келип, эки бир тууганын акыркы сапарга узата албай калганын эскерип, аны өлкөгө келтирбөөгө аракеттер жүргөнүн айтты. Жээнбековдун учурунда мындай аракеттер болбогонун айтып, жаңы команданын ага карата мамилеси жылуу экенин кошумчалады.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8407