Сот аткаруучу пара алып жаткан жеринен кармалды (видео)

0

 

ЖАМКтын Чүй облусуна караштуу Москва районундагы бөлүмүнүн сот аткаруучусу пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, аталган кызматка Н.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал сот аткаруучусу кыймылсыз мүлкүнүн камакка алынышын жокко чыгаруу үчүн, андан 50 миң сом акча талап кылганын айткан.

Бул фактынын негизинде кылмыш иши козголуп, сот аткаруучунун акча алып жаткан жеринен кармаашты. Учурда ал камакка алынды.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8404