22 жаштагы кыз Түркияга кеткен боюнча дайынсыз болууда

0

22 жаштагы Миргүл Токтоматова аттуу Талас облусунун тургуну 3 айдан бери дайынсыз болууда. Ал Былтыр август айында Түркияга кеткен. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазышууда.

2018-жылдын август айында апасына чалып, көп кабаттуу үйдүн 3-кабатынан кулап кеткендигин айткан. Андан соң декабрь айында апасы менен байланышып, Түркиянын Измир шаарында экендигин кабарлаган. Ошондон бери дайынсыз болууда.

Анын апасы кызын таап берүүгө жалпы элден жардам суроодо. М.Токтаматованын эки баласы бар. Балдарын учурда апасы багып жатат.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8396