Өмүркулов: Атамбаевдин көзүн май басып калган

0

Атамбаевдин көзүн май басып калган. Өзү айтып жатат, көзүм эми ачылууда деп. Демек анын көзү эч нерсени көрбөй калган. Бул тууралуу Иса Өмүркулов Би-Би-Си радиосуна берген маегинде билдирди.

Иса Өмүркуловдун айтымында, А.Атамбаев кылган иштерин партиянын жыйынында келип айтып бериши керек. “Атамбаев КСДПны жалгыз менчиктебеши керек. Биз дагы партиянын ысык суугуна күйдүк. Жөн эле чыгып кете бербейбиз да”, - деди Өмүркулов.

“А.Атамбаев кылган иштеринин натыйжасы азыр көрүнүп жатат. Мына ТЭЦте кандай коррупциялык иштер болгону. Мындай жемкорлук иштер дагы ачылат”, - деп кошумчалады Өмүркулов.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8395