Сирияда согушка катышкан адам Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн

0

УКМКнын жана Чек ара кызматкерлеринин биргелешкен иш-чарасынын натыйжасында 27-февралда мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өткөн 26 жаштагы Т.Н. аттуу Ош облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдады.

Маалыматка караганда, Т.Н. Сириядан атайын согуштук даярдыктан өткөн. Ошондой эле өкмөттүк күчтөргө каршы согушка катышкан.

Кылмышка шектүү камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8394