Аламүдүн районунан жөө жүргүнчүнү поезд сүзүп кетип каза тапты

0

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда поезд бир кишини сүзүп кетти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, жабырлануучу окуя болгон жерден мерт кеткен. 45-50 жаштардагы эркек кишини жүк ташуучу поезд сүзүп кеткен. Анын сөөгү моргго жеткирилди.

Милиция каза болгон кишинин өздүгүн тактоо үчүн жардам сурайт. Маркумдун белгилери: бою 165-170 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кыска, кара түстө, мурду кырдач. Ал кара көк түстөгү шапка, кара көк өңдөгү кышкы куртка, кара түсүү шым жана кроссовка кийип жүргөн.

Каза болгон киши тууралуу маалыматы болгондор төмөнкү номурларга чалып билдирсе болот: 0702102702, 0312351270, 0701351270.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8392