Миролсав Ниязов Кыргызстандын Ооганстандагы толук ыйгарымдуу элчиси болуп дайындалды

0

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Ооганстан, Жапония жана Бельгиядагы жаӊы элчилерин дайындоого макулдугун берди.

Мирослав Ниязов Ооганстанга, Мирлан Арстанбаев Жапонияга, Муктар Жумалиев Бельгияга элчи болуп дайындалышты.

Эске салсак, январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын АКШ, Россия, Кытай, Түштүк Кореяга жаӊы элчилерин дайындоого макулдугун берген. 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8387